Кыргызстанга байланыштуу чектөөлөр: Евробиримдиктин санкция тизмесине кимдер кирди?

Кыргызстанга байланыштуу чектөөлөр: Евробиримдиктин санкция тизмесине кимдер кирди?

Европа Биримдиги Орусияга каршы киргизген 21-пакет санкциясында Кыргызстанга байланыштуу дагы бир катар чектөөлөрдү кабыл алды.

Ага ылайык, "ЭкоИсламикБанк" менен операцияларга тыюу салынып, Кыргызстандын үч компаниясына экспорттук чектөөлөр киргизилди. Ошондой эле Бишкекте катталган A7 тармагына байланыштуу эки түзүм санкциялык тизмеге кошулду.

Евробиримдиктин Кеңеши 23-июлда кабыл алган жаңы пакетке жалпысынан 218 субъект кирген. Алардын ичинен 48и жеке жактар, 170и уюмдар экени белгиленди.

Санкциялык документте "ЭкоИсламикБанк" ЖАКы Орусиянын Каржылык билдирүүлөрдү өткөрүп берүү системасы менен байланыштуу экени көрсөтүлгөн. Банк менен операцияларга тыюу салуу 2026-жылдын 13-августунан тарта күчүнө кирет.

Мындан тышкары, Бишкекте катталган үч компанияга карата кош багыттагы товарларга жана технологияларга байланыштуу экспорттук көзөмөл күчөтүлдү. Алар:

  • "Нова проект" ЖЧКсы;
  • "Рама Групп" ЖЧКсы;
  • "Шисан" ЖЧКсы.
Евробиримдик бул компанияларды Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексин колдоого байланыштуу чектөөлөр киргизилген уюмдардын катарына кошкон.

Ошондой эле санкциялык тизмеге Бишкекте катталган A7 тармагына байланыштуу түзүмдөр киргизилди. Алардын арасында A7 Nigeria, A7 Africa жана PilotFinance Ltd бар. Аталган түзүмдөргө карата операцияларга тыюу салуу 13-августтан тарта күчүнө кирери айтылды.

Тактап кетсек, A7 тармагы — эл аралык каржылык операциялар менен байланышкан бир нече юридикалык түзүмдөрдү камтыган тармак.

Евробиримдиктин жаңы санкция пакети негизинен Орусиянын энергетика, каржы, криптовалюта секторлоруна, аскердик-өнөр жай комплексине жана санкцияларды айланып өтүү механизмдерине каршы багытталган.

Ошол эле учурда документте Кыргызстанга карата жалпы экономикалык же банк тутумуна каршы санкциялар киргизилбегени, чектөөлөр конкреттүү уюмдарга тиешелүү экени белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media