Салык кызматы эсептөө палатасынын корутундусуна макул эмес

Салык кызматы эсептөө палатасынын корутундусуна макул эмес

Мамлекеттик салык кызматы, Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын таратылышына байланыштуу корутундуда баяндалган айрым тыянактарга макул эместигин билдирет. Анткени, бул тыянактар салык контролунун жыйынтыктары менен ырасталган эмес жана салык органынын ишине берилген объективдүү бааны чагылдырбайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө Салык кызматы заманбап, ачык жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекеттик орган болуп саналат. Анын ишинин негизги багыттары – салыктык башкарууну санариптештирүү, салык контролунун ыкмаларын өркүндөтүү, тобокелдиктерди талдоонун заманбап тутумдарын киргизүү, салык жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана бизнес-коомчулук менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү.

Эсептөө палатасынын аудитордук отчетунда салык төлөөчүлөрдүн салык декларацияларын, отчеттуулугун жана электрондук эсеп-фактураларын талдоонун негизинде түзүлгөн 11 млрд 559 млн сом суммасындагы учурдагы салыктардын бюджетке мүмкүн түшпөй калуу тобокелдиктери чагылдырылган. Ошол эле учурда мындай аналитикалык маалыматтар өзүнөн-өзү Салык кызматы тарабынан салык мыйзамдарынын бузулгандыгынын же финансылык мыйзам бузууга жол берилгендигинин далили болуп саналбайт.

Тобокелдиктерди башкаруу тутуму салыктык башкаруунун негизги инструменттеринин бири болуп саналат жана салыктарды төлөбөө боюнча потенциалдуу тобокелдиктерди аныктоо үчүн Салык кызматы тарабынан туруктуу негизде колдонулат. Ар кандай аналитикалык эсептөөлөр салык контролунун андан аркы иш-чараларын жүргүзүү үчүн гана негиз болуп саналат. Мындай иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча гана бузуулардын бар же жок экендигин аныктоого жана салык милдеттенмелеринин суммасын аныктоого болот.

Ошол эле учурда Салык кызматында Эсептөө палатасы тарабынан көрсөтүлгөн суммадагы тобокелдиктердин бар экендиги жөнүндө тыянак чыгарууда негиз катары пайдаланган деталдаштырылган материалдар жана документтер менен ырасталган эсептөөлөр жок. Ушуга байланыштуу корутундуда келтирилген тыянактар ар бир конкреттүү учурга объективдүү укуктук баа берүүгө мүмкүндүк бербейт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media