Арашан породасындагы койлор Өзбекстанга экспорттолду

Арашан породасындагы койлор Өзбекстанга экспорттолду

Арашан породасындагы 169 баш асыл тукум койдун алгачкы партиясы Өзбекстанга экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, асыл тукум малды экспорттоо Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Экспорттолгон ар бир баш асыл тукум мал үчүн 17 миңден 20 миң сомго чейинки тиешелүү төлөмдөр мамлекеттик бюджетке түшөт.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда товардык багыттагы койлорду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилген. Бул чара ички рынокто эттин баасынын туруктуулугун камсыздоо максатында кабыл алынган.

Ошол эле учурда Арашан породасындагы асыл тукум койлордун экспорту ички рыноктогу баага таасирин тийгизбейт. Анткени, бул жогорку генетикалык баалуулукка ээ асыл тукум мал болуп саналат. Аларды өстүрүү, селекциялоо, экспортко даярдоо жана сыртка чыгаруу олуттуу чыгымдарды талап кылат.

Бул багыт экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө, асыл тукум мал чарбачылыгынын наркын жогорулатууга жана өлкөгө кошумча киреше алып келүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media