Кыргызстан алты айда 19,9 миң тоннадан ашык сүт продукциясын экспорттоду

Кыргызстан алты айда 19,9 миң тоннадан ашык сүт продукциясын экспорттоду

2026-жылдын алгачкы алты айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана үчүнчү мамлекеттерге сүт жана бал продукцияларын экспорттоону активдүү улантты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Отчеттук мезгилде өлкөдөн жалпысынан 19 915,55 тонна сүт продукциясы экспорттолду. Анын ичинде 2 339 тонна балмуздак, 100,56 тонна сары май, 674,54 тонна сыр, 197,77 тонна кымыз жана курут сыяктуу кычкыл сүт азыктары, ошондой эле 189 тонна сүт сывороткасы тышкы рынокторго жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, табигый балдын экспорту да өсүп, алты ай ичинде чет өлкөлөргө 228,84 тонна бал чыгарылды.

Бул көрсөткүчтөр кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясына тышкы рыноктордо суроо-талаптын жогору экенин жана сүт менен бал тармагындагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейип жатканын айгинелейт.

Кыргызстан айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча иштерди улантып, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү азык-түлүк продукцияларын дүйнөлүк рынокторго чыгарууга өзгөчө көңүл бурууда.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media