"Макмал Голд Компани" ЖЧКсы 9 айда 3 млрд сом киреше тапты
"Макмал Голд Компани" жоопкерчилиги чектелген коому 2026-жылдын 9 айындагы каржылык-экономикалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу 23-ноябрда мекеме тараткан билдирүүдө айтылат.
Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде ишкананын жалпы кирешеси 3 млрд сомго жетип, таза пайдасы 782 млн сомду түздү.
Ишкана мамлекеттин жана жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууну улантууда.
Атап айтканда, 9 ай ичинде:
- Мамлекеттик салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө бюджетке 884 млн сом чегерилди;
- Социалдык фондго жалпы 157 млн сом өлчөмүндө төлөм жүргүзүлдү;
- Жергиликтүү инфраструктураны колдоо жана өнүктүрүү долбоорлоруна 61 млн сом каражат бөлүндү.
"Макмал Голд Компани" ЖЧКсы мындан ары да өндүрүштүк кубаттуулукту арттыруу, заманбап технологияларды киргизүү жана өнүгүүнүн жаңы баскычтарына чыгуу боюнча стратегиялык иштерди улантат", - деп жазылат маалыматта.
"Макмал Голд Компани" ЖЧК — Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунда жайгашкан "Макмал" алтын кенин иштеткен тоо-кен ишканасы жана "Кыргызалтын" ААКнын туунду компаниясы.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу