Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө 900 млн долларга чейин каражат тартылат

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө 900 млн долларга чейин каражат тартылат

Кыргызстанда 2030-жылга чейин чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү программасын ишке ашырууга 800–900 млн доллар тартуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Аким Насиров билдирди.

Маалымдалгандай, программа чакан жана орто бизнести колдоонун бирдиктүү системасын түзүүгө, каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана ишкердик чөйрөнү жакшыртууга багытталган. Ал консорциумдун биринчи жыйынында тааныштырылды.

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, ишкерлердин 39 %ы өздөрүн укуктук жактан толук корголбогон деп эсептейт. Ал эми 44,1 %ы укуктук корголушун жарым-жартылай деп баалаган. Негизги көйгөйлөр катары насыялардын кымбаттыгы, административдик жүктөм, кадрлардын тартыштыгы жана сатуу рынокторуна чыгуудагы кыйынчылыктар белгиленген.

Аларды чечүү үчүн пландуу текшерүүлөрдү кыскартуу, лицензиялоо жана отчеттуулук талаптарын жөнөкөйлөтүү, жеңилдетилген насыяларды, лизингди жана кепилдик механизмдерин кеңейтүү каралган.

Ошондой эле ишкерлер мамлекеттик колдоо чараларына арыз берип, консультация жана окуу кызматтарын ала турган санариптик МСП Хаб платформасын түзүү пландалууда.

Программада 2030-жылга чейин кеминде 10 туруктуу тармактык кластерди түзүү, чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшүн 50 %га, сектордо иштегендердин үлүшүн 60 %га жеткирүү максаттары коюлган. Мындан тышкары, ЧОИ продукциясынын экспортун 25 %га көбөйтүү пландалууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чет өлкөлөрдө 837,8 миң кыргызстандык мигрант бар

Бишкек акыр-чикирден тазаланды

"Сулайман-Тоодо" реконструкциялоо иштери башталды

Чоң Чүй каналынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда