Бишкекте мейманкана куруп жаткан компанияга 200 миң айып салынды

Бишкекте мейманкана куруп жаткан компанияга 200 миң айып салынды

Бишкек шаарында курулуш талаптарын сактабаган подряддык уюмга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул туурасында Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, 21-ноябрда Гоголь көчөсү 92 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинен оор жүк ташуучу техникалардын айынан коомдук жайдын булгангандыгы тууралуу видео кайрылуу келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан жеринде ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш аянтчасындагы техникалардын дөңгөлөктөрүн тазалоочу атайын жайдын жоктугу, санитардык жана аймакты көрктөндүрүү талаптарынын сакталбагандыгы, ошондой эле курулуш объектисинде башкы пландын жоктугу аныкталды.

Жыйынтыгында подряддык уюм "Алинур Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди. Ошондой эле курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Белгилей кетсек, аталган даректе 8 кабаттуу мейманкана курулуп, жер казуу иштери жүрүп жаткан.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү