Кыргызстандан Россияга сүт азыктары экспорттолот

Кыргызстандан Россияга сүт азыктары экспорттолот

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Данкверт менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар малдарды эмдөө, ветеринардык препараттарды сатып алуу жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Кыргызстан “ВНИИЗЖ” мекемесинен ветеринардык препараттарды сатып алып, бул багыттагы кызматташууну кеңейтүүнү пландаштырууда. Ошондой эле Кыргызстандын 10 сүттү кайра иштетүүчү ишканасына Россияга продукция экспорттоого уруксат берилгени белгиленди.

Жолугушуунун соңунда Сергей Данкверт Адилет Сотовалдиевди 7–10-октябрда Москва шаарында өтүүчү “Алтын күз” агроөнөр жай көргөзмөсүнө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-Кытай инженерлер институту ачылды

Кыргыз-Кытай инженерлер институту ачылды

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз-Кытай алдыңкы инженерлер институту ачылды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы ачылган институттун базасында 200 млн сомго жакын каражатка 15 заманбап лаборатория камсыздалды. “Алар жашыл энергетика жана тоо-кен тармагы багытында иштеп, Борбор

ШКУ жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

ШКУ жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылар кеңеши 1-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: - Шанхай кызматташтык уюмунун жыйырма беш жылдыгына арналган Бишкек декларациясы;  - 2002-жылдын 7-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

Садыр Жапаров: ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнө калкынын 40%дан ашыгын бириктирет

Садыр Жапаров: ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнө калкынын 40%дан ашыгын бириктирет

Чейрек кылым ичинде ШКУ чек арадагы ишенимди бекемдөөчү механизмден дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык биримдикке айланып, зарыл уюм экенин далилдей алды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан ШКУнунсаммитинде билдирди. Ал ШКУ саммити “Ырыс алды – ынтымак” деген элдик накылдын негизинде өтүп, бул сөздөр “Шанхай рухунун” маңызын чагылдырарына токтолду. “Уюмубуздун ролуна

Ала-Арчадагы 4050 метр бийиктик “Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу” аталмай болду

Ала-Арчадагы 4050 метр бийиктик “Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу” аталмай болду

Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районунун “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан бийиктиги 4050 метр аты жок тоо чокусуна “Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына жана 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешин Кыргызстанда