Ошто жасалма акциздик марка чапталган суусундуктар аныкталды

Ошто жасалма акциздик марка чапталган суусундуктар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы Ош шаарында жүргүзүлгөн рейддик салыктык көзөмөл учурунда жасалма акциздик маркалары бар алкоголсуз суусундуктарды аныктады.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, алкоголсуз продукция өндүргөн объектти текшерүүдө жасалма акциздик марка чапталган 2670 даана суусундук табылып, тартып алынды.

Бул факт боюнча тиешелүү акт түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Салык кызматынан эскертишкендей, жасалма акциздик маркасы бар 100 бирдикке чейинки акциздик продукцияны саткандарга 100 миң сом айып пул каралган. Ал эми мындай продукциянын саны 100 бирдиктен ашса, 7 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди акциздик маркасы жок же жасалма маркасы бар продукцияны сатпоого жана сактабоого, ошондой эле акциздик маркалардын аныктыгын текшерүүгө чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Берилген маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 1 млрд 239,1 млн сомдон 2025-жылы 3

Ишкер Media
Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Бүгүн Кыргызстанда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө" арналган жыл сайын өтүүчү маалыматтык-билим берүү кампаниясы башталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынан билдирди. Билдирүүгө таянсак, долбоор өлкөдө 2015-жылдан бери Улуттук банкытын координациясы астында ишке ашырылып келет. Анда тиешелүү мамлекеттик органдар, финансы институттары, КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана камсыздандыруу

Ишкер Media
Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Кыргызстанда биринчи индустриалдык паркты түзүү жана өлкөдөгү индустриалдык парктарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин бул боюнча тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, “Биринчи индустриалдык парк” Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында, жалпы аянты 24,2 гектар болгон аймакта түзүлмөкчү. Долбоордун максаты

Ишкер Media
Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

DemirBankтын Mastercard картасы менен Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу күнүмдүк сатып алууларың үчүн төлө да, эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякатты утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол! 2026-жылдын 26-октябрынан саат 12:00дөн тартып 31-декабрдь кошо алган мезгилге чейин ар бир төлөм үчүн 100

Ишкер Media