Өзгөндө күрүчтүн кабыгынан курулуш материалдары өндүрүлүүдө

Өзгөндө күрүчтүн кабыгынан курулуш материалдары өндүрүлүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ош облусунун Өзгөн районундагы бир катар ишканалардын жана өндүрүш объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш сапардын алкагында "Кожомкулов" жеке ишканасы, "Кыргыз балык чарба" ишканасынын Өзгөн филиалы, райондук ветеринардык лаборатория, "Эко Өзгөн күрүчү" муниципалдык ишканасы жана сүттү кайра иштетүү цехи көрүлдү.

Өзгөчө көңүл "Эко Өзгөн күрүчү" ишканасына бурулду. Анда күрүчтү кайра иштетүүдөн калган дан кабыгы таштандыга чыгарылбастан, кайра иштетилип, курулуш материалдарын, анын ичинде кыш өндүрүүдө пайдаланылат.

Ошондой эле чийки зат менен камсыздоо, продукцияны кайра иштетүү, лабораториялык көзөмөл, сактоо, таңгактоо жана сатуу маселелери талкууланды.

Рысгүл Акимжанова ишканаларды өз ара байланышкан бирдиктүү өндүрүштүк чынжыр катары өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи. Бул аймакта кошумча наркты көбөйтүүгө, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөрү айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарынын күнүнө карата 12 гүлзар пайдаланууга берилет

Ош шаарынын күнүнө карата 12 гүлзар пайдаланууга берилет

Ош шаарында 5-октябрь — шаар күнүнө карата 12 жаңы гүлзар пайдаланууга берилет. Учурда алардын курулуш жана көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Калаа жетекчилигинин маалыматына ылайык, буга чейин кароосуз калган жана негизинен эски көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында жайгашкан аймактар жаңыланууда. Жаңы гүлбактарда балдар үчүн аянтчалар, отургучтар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу каралып, шаар тургундары

Кыргызстан менен Пакистан сооданын көлөмүн 200 миллион долларга жеткирүүнү көздөшүүдө

Кыргызстан менен Пакистан сооданын көлөмүн 200 миллион долларга жеткирүүнү көздөшүүдө

Пакистан менен Кыргызстан жакынкы бир-эки жылдын ичинде эки тараптуу сооданын көлөмүн 200 миллион долларга чейин жеткирүүнү максат кылышты. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф 2-сентябрда “Ынтымак Ордодо” Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, тараптар ошондой эле транзиттик коридорлорду өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча макулдашышты.

Талды-Булак айылында 70 жаңы электр мамысы орнотулду

Талды-Булак айылында 70 жаңы электр мамысы орнотулду

Талды-Булак айылында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүп, 70 жаңы мамы орнотулду. Бул тууралуу Талас электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2,5 чакырым СИП-2 зымы да тартылды. Жаңылоо иштерин "КУЭТ" ААКнын аймактагы ишканасы жүргүздү. Аткарылган иштер айыл тургундарын электр жарыгы менен туруктуу жана сапаттуу камсыздоого багытталган.

Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМ 2-5-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу Ысык-Көлдүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жана суу ташкыны коркунучу бар экенин эскертти. Жарандарга дарыя жээктерине жакын барбоо жана зарылчылык болбосо тоого чыкпоо сунушталды.  Өзгөчө кырдаал катталган учурда 112 бирдиктүү шашылыш кызматына кайрылуу керек. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары