Садыр Жапаров: Пакистандын деңиз порттору Кыргызстан үчүн дүйнөлүк соода жолдоруна чыгуучу жол

Садыр Жапаров: Пакистандын деңиз порттору Кыргызстан үчүн дүйнөлүк соода жолдоруна чыгуучу жол

Бишкек шаарында 2-сентябрда, Президент Садыр Жапаров жана Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча басма сөз үчүн билдирүү жасашты. 

“Экономика кыргыз-пакистан өнөктөштүгүнүн негизги таянычы болууга тийиш. Ошондуктан биз өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүү, соода номенклатурасын кеңейтүү жана инвестицияларды тартуу боюнча системалуу кадамдарды жасоону макулдаштык.
Биз фармацевтика, айыл чарба, энергетика, жеңил өнөр жай, туризм, санариптик экономика, виртуалдык активдер жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгыбызды билдирдик”, - деди президент.

Пакистандын деңиз порттору Кыргызстан үчүн Түштүк Азиянын рынокторуна, андан ары дүйнөлүк соода жолдоруна чыгуучу табигый жол болуп саналат.

Өз кезегинде, Кыргызстан Пакистан үчүн Борбордук Азиянын рынокторуна жана андан ары кеңири евразиялык мейкиндикке чыгуучу маанилүү транспорттук көпүрөлөрдүн бири боло алат.

Мындан тышкары окуңуз

Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Бишкекте бүгүн Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY" экологиялык фестивалы өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында бак-дарак отургузуу акциясы уюштурулду. Фестивалга Минкаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты. Ошондой эле мамлекеттик органдар, мэрия, ыктыярчылар катышты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаарда 150 орундуу борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоорунун алкагында (Адаптация фондунун колдоосу менен) "Ала-Арча" суусунун бассейнинде эрте эскертүү системасын орнотуу жана сыноо иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалым болгондой, жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий өткөрүлүп берилди. Иш-чарага министрдин орун басары Нурбек Жумалиев жана ЮНЕСКО өкүлдөрү катышты. Система климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу

Ишкер Media
Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Кара-Көл шаарында 2026-жылы Көк-Бел жана Кайыңды чакан гидроэлектр станцияларынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалганын анын абминистрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин шаарда чакан Кара-Көл ГЭСи пайдаланууга берилген. Ошондой эле шаарда "Аква Сервис" балыкты кайра

Ишкер Media