Таластын болгар калемпири Россия менен Казакстанга экспорттолууда

Таластын болгар калемпири Россия менен Казакстанга экспорттолууда

Талас облусунун Манас районунда "Ласточка" сортундагы болгар калемпирин жыйноо иштери башталды.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык райондо аталган өсүмдүк 1 350 гектар аянтка эгилген. Учурда түшүм жыйноо иштери активдүү жүрүп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 200-250 центнерди түзүүдө.

Манас району Талас облусунда айыл чарбасы өнүккөн аймактардын бири. Райондогу жалпы айдоо аянты 18,8 миң гектарды түзөт. Быйыл дыйкандар жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурушкан.

Учурда Манас районунда өстүрүлгөн болгар калемпири ички рынокко сатылуу менен катар Россия жана Казакстанга экспорттолууда.

Болгар калемпиринин сатуу баасы бүгүнкү күндө орточо эсеп менен килограммына 40-45 сомду түзүүдө.

Жогорку түшүмдүүлүк жана тышкы рыноктогу суроо-талап болгар калемпирин райондогу дыйкандар үчүн кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бирине айландырууда.

Учурда райондо түшүм жыйноо иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшү 3,4 млрд сомдон ашты

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Берилген маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 1 млрд 239,1 млн сомдон 2025-жылы 3

Ишкер Media
Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Өлкөдө жарандарга каражат топтоо боюнча маалымат берилет

Бүгүн Кыргызстанда "Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө" арналган жыл сайын өтүүчү маалыматтык-билим берүү кампаниясы башталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынан билдирди. Билдирүүгө таянсак, долбоор өлкөдө 2015-жылдан бери Улуттук банкытын координациясы астында ишке ашырылып келет. Анда тиешелүү мамлекеттик органдар, финансы институттары, КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана камсыздандыруу

Ишкер Media
Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда

Кыргызстанда биринчи индустриалдык паркты түзүү жана өлкөдөгү индустриалдык парктарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин бул боюнча тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, “Биринчи индустриалдык парк” Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында, жалпы аянты 24,2 гектар болгон аймакта түзүлмөкчү. Долбоордун максаты

Ишкер Media
Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

DemirBankтын Mastercard картасы менен Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу күнүмдүк сатып алууларың үчүн төлө да, эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякатты утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол! 2026-жылдын 26-октябрынан саат 12:00дөн тартып 31-декабрдь кошо алган мезгилге чейин ар бир төлөм үчүн 100

Ишкер Media