“Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулуп бүттү
“Бишкек-Арена” стадионун куруудагы чыгымдар тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов түшүндүрмө берди. Анын айтымында, буга чейин аренаны “60 млн долларга бүттү” - деген айың кептер, чындыкка жатпайт.
Алгач бул жерге жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы болгон.
“Кийин Президентибиз Садыр Жапаров баштапкы долбоорду түп-тамырынан бери өзгөртүп: “Кыргыздын боз үйү сымал болсун, ичинде соода борборлору, ресторан-кафелери, супермаркети, кинотеатрлары, спорт залдары жана балдар ойной турган аянтчалары менен курулсун, антпесек бул стадион дагы бюджеттин мойнуна олтурат. Бул стадион келечекте киреше бере турган мекемеге айланыш керек” - деп тапшырма берген” – дейт Алагозов.
Ошентип долбоор түп тамырынан бери өзгөрүп, жалпы аянты 194 248 м² болуп, 52 миң адамды батыра турган, бардык шарттары каралып, аталган долбоорду кеңейтилген. Долбоорду чоңойтуунун дагы бир себеби ФИФАнын талабы боюнча дүйнөлүк мелдештер өтө турчу стадионго 50 миңден кем эмес адам батышы керек болгон. “Бишкек-Арена” стадиону тууралуу маалыматтар:
- Жер тилкесинин аянты — 20 га (200 000 м²).
- Курулуштун жалпы аянты — 194 248 м².
- Курулманын диаметри — 280 м
- Бийиктиги — 70 м
- Кабаттуулугу — 8 кабат.
- Көрүүчүлөр үчүн орундуктар саны — 51 252.
- Сметалык баасы — 386 млн АКШ доллары.
Мындан сырткары Алагозов салыштыруу үчүн чет өлкөлүк ареналардын баасына жана өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетти.
“АКШдагы - Allegiant стадиону 65 000 орундуу, VIP, коммерциялык аймактары бар. Баасы – $1.9 млрд. Англиядагы 62 000 орундуу Tottenham Hotspur стадиону, VIP, ресторандар, коммерциялык аянттары бар. Баасы – $1.33 млрд. Сингапурдагы - 55 000 орундуу Singapore улуттук стадиону, VIP, соода аймактары бар. Баасы – $1.31 млрд. Россиядагы 68 000 орундуу Krestovsky стадиону, VIP зоналары, унаа токтотуучу жайлары бар. Баасы – $1.1 млрд.” – деп билдирди, пресс-катчы.
Анын айтымында, азыр дүйнө жүзүндө стадиондордун баасынын өсүшүнө - курулуш материалдарынын кымбатташы, логистика, жумушчу күч, инженердик системалар, инфляция жана башка бир катар жагдайлар таасир этүүдө.