8-сентябрь КРнын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кесиптик майрамы

8-сентябрь КРнын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кесиптик майрамы

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо төрага  Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы - Кыргыз Республикасынын финансылык жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылуунун улуттук системасында маанилүү орунду ээлеп келе жаткандыгын билдирди:

“Жогорку кесипкөйлүгүңүздөрдүн, компетенттүүлүгүңүздөрдүн, аналитикалык потенциалыңыздардын жана ишке жоопкерчиликтүү мамилеңиздердин аркасында сиздер кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүгө, финансылык ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана өлкөнүн финансылык системасынын туруктуулугун бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келесиздер”.

 Ошондой эле 20 жылдан ашуун тарыхы бар жамаатты кесипкөйлүгү жана өз ишине берилгендиги далилденип жаткандыгын билдирди.

“Бүгүнкү күндө Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы КРнын мамлекеттик органдары, чет өлкөлүк өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу кызматташып келген абройлуу мамлекеттик орган болуп саналат. Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүнүн улуттук системасын мындан ары чыңдоодо КРнын Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун өз ара баалоосунун үчүнчү раундунан өтүшү өзгөчө мааниге ээ” - деп билдирди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жалпы жамаатына бекем ден соолук, жаркын жашоо, иштерине ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

КРнын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы - кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media