“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үч реформа ишке ашты

“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үч реформа ишке ашты

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Өкмөттүк акселераторлор” 100 күндүк программасынын алкагында ишке ашырылган үч реформанын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

2026-жылдын 18-майында аталган программанын алкагында социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган 3 реформа демилгеленген.

Биринчи реформа эмгек мигранттарынын мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Эми чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктар “Түндүк” тиркемеси жана Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу пенсиялык камсыздандырууга дистанциялык түрдө катышып, ыктыярдуу төгүмдөрдү онлайн төлөй алышат.

Экинчи реформа окуучулардын алдын алуу медициналык кароосун санариптештирүүгө арналды. 095/у жана 026/у формалары электрондук форматка өткөрүлүп, ата-энелер аларды «Түндүк» тиркемесинен көрө алышат. Бул система кагаз документ жүгүртүүнү азайтып, жылына болжол менен 50 млн сом бюджеттик каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Буга чейин бул документтер негизинен кагаз түрүндө таризделип, саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын ортосунда кол менен өткөрүлчү. Бул медицина кызматкерлерине жана ата-энелерге кошумча жүк түзүп, алдын алуу кароолорунун жыйынтыгы бирдиктүү маалыматтык базага түзүлбөй калчу. Өткөн жылы 2 млнго жакын баланы алдын алуу кароосу менен камтуу керек болчу, иш жүзүндө 89%ы кароодон өткөн.

Үчүнчү реформа медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензия берүү процессин жөнөкөйлөттү. Эми ишкерлер документтерди онлайн тапшырып, мамлекеттик алымды төлөп, арыздын статусун интернет аркылуу көзөмөлдөй алышат. Лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскарды.

Адылбек Касымалиев реформаларды улантуу жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media
Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media
Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Мамлекет башчысынын айтымында, Аксы районунун бюджети акыркы беш жылда эки эсеге көбөйдү. 2021-жылы райондун бюджети 154 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 308 млн сомго

Ишкер Media