Бишкек мэриясы бюджеттик чыгымдарга аудит жүргүзөт

Бишкек мэриясы бюджеттик чыгымдарга аудит жүргүзөт

Бишкек мэриясында борбор калаада өткөн ири эл аралык иш-чараларга даярдык көрүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, мындан аркы милдеттер аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мэр Айбек Джунушалиев шаардык кызматтарга, муниципалдык ишканаларга жана райондук администрацияларга аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле учурда жолдорду жана тротуарларды оңдоо, имараттардын фасаддарын жаңылоо, жашылдандыруу жана шаарды көрктөндүрүү иштери улантыларын белгиледи.

Жыйында бюджеттик каражаттарды пайдалануу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мэр жолдорду, жол инфраструктурасын жана фасаддарды оңдоого бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу үчүн ар бир объект боюнча чыгымдарга аудит жүргүзүүнү тапшырды.

Джунушалиев иштердин наркын негизсиз жогорулатууга жол берилбеши керектигин айтып, мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүшү зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле аткарылган иштердин сапатына, мөөнөттөрдүн сакталышына жана бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кочкор-Атада мунай заводу курулууда

Кочкор-Атада мунай заводу курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө мунайды кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана ата мекендик өндүрүштү көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Кыргызнефтегаз" ААКсынын курамына кирген "Кыргыз Петролеум Компани" заводунда мунай продуктуларын өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган

Ишкер Media
Майлуу-Суу лампа заводунун ишин калыбына келтирүү чаралары уланууда

Майлуу-Суу лампа заводунун ишин калыбына келтирүү чаралары уланууда

Өлкө лидери Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарынын активи жана тургундары менен жолугушуп, шаардын өнөр жай дараметин калыбына келтирүү жана жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү маселелерине токтолду. Бул тууралуу анын администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы Майлуу-Суу лампа заводунун ишин калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу

Ишкер Media
Салык төлөөчүлөрдү каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүү сунушталды

Салык төлөөчүлөрдү каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүү сунушталды

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүүгө чакырды. Текшерүү юридикалык жактар, жеке жактар жана жеке ишкерлер тарабынан Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги “Сервистер” бөлүмүндөгү № 24 жана № 25 формаларында жүргүзүлүшү керек. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, төмөнкү маалыматтарды текшерүү зарыл: ·       салыктык каттоо жүргүзүлгөн райондун иш жүзүндө иш

Ишкер Media
Ноокен районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге жакын өстү

Ноокен районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге жакын өстү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жергиликтүү бюджеттин өсүшү жана инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланды. Мамлекет башчысынын маалыматына ылайык, Ноокен районунун бюджети 2021-жылы 299 млн сомду

Ишкер Media