Садыр Жапаров: Акыркы төрт жылда экономика орточо 10,2% өстү

Садыр Жапаров: Акыркы төрт жылда экономика орточо 10,2% өстү

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйыныда Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде катышып, коомчулукка кайрылып, сөз сүйлөдү.

 Өз сөзүндө ал акыркы жылдары Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабына чыкканын белгилеп, экономика, инфраструктура, энергетика, айыл чарба, транспорт жана логистика тармактарындагы ийгиликтүү иштерге токтолду.

Жапаровдун айтымында, акыркы төрт жылда өлкө экономикасынын орточо жылдык өсүшү 10,2%ды, ал эми 2026-жылдын январь-июль айларында ички дун продукциясынын реалдуу өсүшү 11,1%ды түздү.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Кыргызстан акыркы жылдары эл аралык аренадагы ордун бекемдеп жатканын белгилеп, ШКУ саммитин, “ШКУ+” жолугушуусун жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мисал келтирди.

“Кыргызстанды күчтүү экономикасы бар, заманбап инфратүзүмү өнүккөн, жарандарына сапаттуу билим алууга, эмгектенүүгө, ишкердик жүргүзүүгө жана татыктуу жашоого кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн мамлекетке айландыруу – ар бирибиздин ыйык жана жалпы милдетибиз. Ошол эле учурда бийлик бутактарынын ортосунда пикирлердин айырмачылыгы болушу табигый көрүнүш. Талаш-тартыштар да болушу мүмкүн. Бирок кандай гана маселе болбосун, анын өзөгүндө мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин жыргалчылыгы турушу керек!” деп билдирди, мамлекет башчы.

Ошондой эле, өлкө башчысы коомдо пикир келишпестикти кастыкка, талкууну тирешүүгө, ар түрдүү маселелерди коомду бөлүп-жаруучу куралга айлантууга эч кимдин укугу жок экендигин баса белгиледи.

“Мамлекеттик кызматтарда коррупциялык көрүнүштөр болсо, далилденген, негизделген фактылар менен элдин алдына алып чыксаңыздар,  албетте,  мага эң чоң жардам берген болосуздар.  Мен сиздер тарапта болом.  Сиздерди колдойм!” - деп кошумчалады, Садыр Жапаров.

Сөзүнүн соңунда, эл өкүлдөрүнө жаңы сессияда ийгиликтүү жана жемиштүү иш алып барууну каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында №69 кесиптик лицейине барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министр анда окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укту. Ошондой эле эмгек акыны жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу

Ишкер Media
Чаткал районунда 146 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскады курулууда

Чаткал районунда 146 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскады курулууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жалпы кубаттуулугу 146 мегаватт болгон Чаткал ГЭСтер каскадынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, долбоор өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана райондун гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга багытталган. Ошондой эле ГЭСтер каскадынын курулушу жаңы

Ишкер Media
Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media