Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль жолу. Анын наркы 1 млрд 650 млн сомго бааланган.

Ошондой эле 6,5 чакырымдык Үч-Терек - Жетиген жолуна 50 млн сом, 7,8 чакырымдык Төркөн - Толук жолуна 28,8 млн сом жана 5 чакырымдык Үч-Терек - Бууракан жолуна 36 млн сом каралган.

Жалпысынан аталган төрт жолдун узундугу 72,3 чакырымды түзөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media