"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

"Абердин-ангус" асыл тукум малдарын жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу алууга болот

Фермерлер Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды жылдык 3 % жеңилдетилген насыя аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындай билдирүүнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, насыя алуу үчүн “АБанк” же “Элдик Банкка” кайрылууга болот. Насыя 5 жылга чейин, жеңилдетилген мезгили 12 айга чейин берилет. 500 миң сомго чейин күрөөсүз, ал эми 500 миң сомдон 20 млн сомго чейин күрөө менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Малды сатып алууда - асыл тукум күбөлүгү, ветеринардык маалымкат, идентификациялык жана келип чыгышын тастыктаган тиешелүү документтер талап кылынат. Ал эми фермерлердин асыл тукум чарба статусуна ээ болушу милдеттүү эмес. Негизги талаптын бири — малды багуу жана тоюттандыруу үчүн тиешелүү шарттардын, карантиндик зонанын жана ветеринардык тейлөөнүн болушунда.

Банк тарабынан насыя жактырылгандан кийин фермерлер “Кыргыз Агрохолдинг” менен келишим түзүп, Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды сатып ала алышат.

Бардык башка суроолор боюнча 1210 кыска номерине байланышып, толук маалымат алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында №69 кесиптик лицейине барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министр анда окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укту. Ошондой эле эмгек акыны жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу

Ишкер Media
Чаткал районунда 146 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскады курулууда

Чаткал районунда 146 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскады курулууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жалпы кубаттуулугу 146 мегаватт болгон Чаткал ГЭСтер каскадынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, долбоор өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана райондун гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга багытталган. Ошондой эле ГЭСтер каскадынын курулушу жаңы

Ишкер Media
Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media