Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев - ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 9-сентябрда Москвада өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

 Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай комплексин өнүктүрүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана башка багыттар боюнча 48 маселе каралды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 2025-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 5,9 млрд долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге өскөн.

Жыйында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин артыкчылыктуу интеграциялык долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Атап айтканда, транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизмесине өзгөртүүлөр киргизүү маселеси каралды. КРнан тизмеге – “Луговой – Балыкчы” темир жол участогун электрлештирүү долбоору, “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал – Жалал-Абад” темир жолун куруу долбоору, ошондой эле Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору киргизилди.

Мындан тышкары, ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногундагы соода, интеграцияланган маалыматтык системаны өнүктүрүү, медициналык буюмдардын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу маселелери талкууланды.

 Жыйындын жыйынтыгы боюнча каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында №69 кесиптик лицейине барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министр анда окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укту. Ошондой эле эмгек акыны жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу

Ишкер Media
Чаткал районунда 146 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскады курулууда

Чаткал районунда 146 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскады курулууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жалпы кубаттуулугу 146 мегаватт болгон Чаткал ГЭСтер каскадынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, долбоор өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана райондун гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга багытталган. Ошондой эле ГЭСтер каскадынын курулушу жаңы

Ишкер Media
Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media