Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады.

Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылган долбоорлорду инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Бул иштер эл аралык жардамдын ишке ашырылып жаткан жана аяктаган долбоорлору боюнча маалыматтарды системалаштырууга багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду координациялоону, маалымат алмашууну жана эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында №69 кесиптик лицейине барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министр анда окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укту. Ошондой эле эмгек акыны жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу

Ишкер Media
Чаткал районунда 146 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскады курулууда

Чаткал районунда 146 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскады курулууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жалпы кубаттуулугу 146 мегаватт болгон Чаткал ГЭСтер каскадынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, долбоор өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана райондун гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга багытталган. Ошондой эле ГЭСтер каскадынын курулушу жаңы

Ишкер Media
Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media