Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) жайгаштырылган. Алардын жылдык кирешелүүлүгү 12,86–16% чегинде болгон.

Мындан тышкары, МТПФнын 3 млрд 571,6 млн сому коммерциялык банктардын 12 жана 18 айлык мөөнөттүү депозиттерине жайгаштырылган. Депозиттер боюнча жылдык кирешелүүлүк 11,3–14,3% түзгөн. 2026-жылдын январь-август айларында мурда инвестицияланган каражаттардан төмөнкү кирешелер алынган:

-        мамлекеттик баалуу кагаздардан — 4 млрд 352,7 млн сом;
-        депозиттерден пайыздык киреше — 501,8 млн сом;
-        акционердик коомдордун акцияларынан дивиденддер — 185,9 млн сом;
-        МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан — 13,2 млн сом.

Жыйынтыгында, отчеттук мезгилде МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон жалпы 5 млрд 53,6 млн сом киреше алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында №69 кесиптик лицейине барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министр анда окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укту. Ошондой эле эмгек акыны жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу

Ишкер Media
Чаткал районунда 146 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскады курулууда

Чаткал районунда 146 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскады курулууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жалпы кубаттуулугу 146 мегаватт болгон Чаткал ГЭСтер каскадынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, долбоор өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана райондун гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга багытталган. Ошондой эле ГЭСтер каскадынын курулушу жаңы

Ишкер Media
Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшү 10,9 млрд сомго жетти

Өлкө лидери Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.  Бул тууралу президенттик администрациядан билдиришти. Берилген маалыматка ылайык, Ала-Бука районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-

Ишкер Media
Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media