Баткен облусунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү жаңы цех ачылды

Баткен облусунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү жаңы цех ачылды

12-сентябрда Баткен облусунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү жаңы цех ишке кирди. Ишкананын ачылыш аземине Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Сабырбек Ысмаилов, Баткен районунун акими Данир Иманалиев, айыл аймагынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цехти түзүүгө республикалык бюджеттен 22 млн сом бөлүнүп, ишкана муниципалдык ишкана катары уюштурулду.

Ишкананын негизги багыты – Ак-Татыр айыл аймагында жана ага жакын аймактарда өндүрүлгөн өрүк, алма жана башка мөмө-жемиштерди кайра иштетип, кургатуу жана даяр продукцияны рынокко чыгаруу.

Цех күнүнө 1 тоннага чейин мөмө-жемишти кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Учурда ишканада 5 жаңы жумуш орду түзүлдү.

Долбоор жергиликтүү чийки затты кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, фермерлер үчүн кошумча киреше булагын түзүүгө, айыл жергесинде өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

Кыргызстанда 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Бул күндөр мамлекеттик майрам болгону менен, мыйзам боюнча жумуш күндөрү болуп эсептелет. Бул тууралуу Социалдык-эмгек мамилелерин изилдөө борборунан (ЦИСТО) билдиришти. Борбордун түшүндүрмөсүнө ылайык, жумасына беш күн иштеген кызматкерлер үчүн 7–8-ноябрь кадимки дем алыш күндөрү болот. Ал эми

Ишкер Media
Өлкөдө пенсия курагындагы мугалимдердин саны айтылды

Өлкөдө пенсия курагындагы мугалимдердин саны айтылды

Пенсия курагындагы мугалимдер өлкөдөгү жалпы педагогикалык жамааттын 15,5 пайызын түзөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен "Ишкер медиага" билдиришти. Министрликтин маалыматы боюнча мугалимдердин жетишсиздиги Бишкек жана Чүй облустары. "Өлкөдө негизинен 588 мугалим жетишпейт. Алар тарых, орус тили математика, информатика физика предметтерин берген мугалимдер. Ал эми өлкө боюнча жалпы

Ишкер Media
Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт

Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт

7-ноябрда саат Курманжан датканын эстелигинин жанындагы сейилдөө аллеясында “Кимчи” аталышындагы фестиваль өтөт. Иш-чараны Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурууда. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, фестивалдын максаты — борбор калаанын тургундарын жана конокторун Кореянын каада-салттары, маданияты жана улуттук ашканасы менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

27-28-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн акваториясынан 4600 метр эски синтетикалык тор жана 60 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Түп районунун Кудургу, Кичи-Өрүктү жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын акваториясында жүргүзүлдү. Жалпысынан 2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдөн 56

Ишкер Media