Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

27-28-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн акваториясынан 4600 метр эски синтетикалык тор жана 60 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Түп районунун Кудургу, Кичи-Өрүктү жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын акваториясында жүргүзүлдү.

Жалпысынан 2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдөн 56 миң 200 метр балык уулоочу тор жана 1480 килограмм таштанды чыгарылган.

Аталган иш-чаралар президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана суунун булганышын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты