Россияда доллардын курсу 85 рублден ашып, максимумга жетти

Россияда доллардын курсу 85 рублден ашып, максимумга жетти

5-октябрда Россиянын банктар аралык рыногунда доллардын курсу 85 рублден ашты. Бул көрсөткүч 25-сентябрдан берки эң жогорку деңгээл болуп саналат. Москва убактысы боюнча саат 12:53тө америкалык валютанын котировкасы 85,03 рублга жеткен. Ошол убакка карата доллардын курсу 1,2%дан ашык, башкача айтканда 1 рублдан көбүрөөк өсүп кеткен.

Адистер рублдин начарлашына карабастан, орто мөөнөттүү келечекте Россиянын улуттук валютасы кескин арзандабайт деген пикирде.

Lenta.ru маалымдагандай, рублди колдоого бир катар факторлор таасир этиши мүмкүн. Алардын арасында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын кайрадан курчушуна байланыштуу мунайдын баасынын жогору болушу, ошондой эле салык мезгилинин таасири бар. Анын алкагында экспорттоочулар тарабынан бюджетке пайдалуу кендерди казып алууга салык, пайда салыгы жана акциздер боюнча түшүүлөр көбөйөт.

“Цифра брокер” компаниясынын аналитиги Александр Дудниковдун айтымында, Россиянын Борбордук банкынын катуу акча-кредит саясаты да рублди колдойт. Анын белгилешинче, жогорку негизги чен рублдеги аманаттардын жана депозиттердин жагымдуулугун сактап калууда.

Финансы университетинин стратегиялык жана инновациялык өнүгүү кафедрасынын доценти Михаил Хачатуряндын болжолуна ылайык, төртүнчү чейректе доллардын курсу 80–85 рублдун тегерегинде болушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.

Ишкер Media
Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду

Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду

Өлкөдө санкциялык коркунучтарды азайтуу жана ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Тиешелүү маселелер президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде талкууланды. Анда санкциялык тобокелдиктерден улам Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.  “Жыйында 40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгү каралып, анын

Ишкер Media
Оштогу мыйзамсыз курулуш жүргөн аймак калыбына келтирилди

Оштогу мыйзамсыз курулуш жүргөн аймак калыбына келтирилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин көзөмөлүндө турган Ош шаарын, Курманжан-Датка көчөсүндөгү курулуш объектисинде аймакты калыбына келтирүү иштери аткарылды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Билдирүүгө караганда, буга чейин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталып, компанияга 200 000

Ишкер Media
BAKAI Гонконгдо банктык макамга ээ болгон Борбор Азиядагы биринчи финансы институту болду

BAKAI Гонконгдо банктык макамга ээ болгон Борбор Азиядагы биринчи финансы институту болду

BAKAI Hong Kong Monetary Authority (HKMA) тарабынан Restricted Licence Bank категориясындагы банктык лицензияга ээ болуп, банктын эл аралык өнүгүүсүндө жана Кыргызстандын Азиядагы финансылык катышуусунда жаңы этапты баштады. Бул кадам BAKAIнин эл аралык катышуусун жаңы баскычка чыгарып, Кыргызстан, Борбор Азия жана Азия-Тынч океан аймагындагы ири рыноктордун ортосунда түз финансылык көпүрө

Ишкер Media