Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду
Өлкөдө санкциялык коркунучтарды азайтуу жана ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Тиешелүү маселелер президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде талкууланды. Анда санкциялык тобокелдиктерден улам Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
“Жыйында 40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгү каралып, анын жыйынтыгында 16 фирманы мыйзам чегинде жоюу үчүн сот органдарына материалдар өткөрүп берилди. Калган компаниялар боюнча текшерүү уланууда. Банк секторунда да комплаенс-көзөмөл талаптары күчөтүлдү. 2-октябрга карата мамлекеттик банктар шектүү компаниялар менен кызматташууну токтотту”, - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, кеңешмеде санкциялык тобокелдиги жогору компанияларды аныктап, "кара тизмеге" киргизүү механизми каралды. Бул тартип тышкы экономикалык операцияларга көзөмөлдү бекемдеп, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын алууга өбөлгө түзөт.
Билдирүүгө караганда, санкциялык тобокелдиктери жогору болгон адамдарды жана компанияларды аныктап, тиешелүү "блэклист" түзүү механизми талкууланды. Тиешелүү чечим жакынкы күндөрү бекитилет.



Мындан тышкары, банк секторунда комплаенс жол-жоболорун күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 2026-жылдын 2-октябрына карата:
• «Элдик Банк» ААК — 126га жакын компаниянын эсептерин жапты;
• «АБанк» ААК — 100гө жакын компаниянын эсептерин жапты.
Бул чаралар санкциялык тобокелдиктерди эрте аныктоого жана алдын алууга багытталган.