Улуттук банк алты талапкердин кызмат ордуна дайындалышына макулдук берди
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 29-сентябрда коммерциялык банктардагы бир катар жетекчилик кызматтарга сунушталган талапкерлердин талапкерлигине макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, “Асман Банк” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Исакова Гульзина Абыловнанын, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган Ааб Рийна Амалиенин талапкерлигине макулдук берилди.
Мындан тышкары, “ФИНКА Банкы” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызматына сунушталган Кепуска Фисниктин, ал эми директорлор кеңешинин мүчөсү кызматына Паулсон Дэвид Рэйдин талапкерлиги жактырылды.
“Оптима Банк” ААКтын тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрагасы кызматына сунушталган Токобаев Нурлан Турсунбековичтин талапкерлигине да Улуттук банк макулдук берди.
Ошондой эле “Компаньон Банкы” ЖАКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматына сунушталган Хоанг Ву Мандын талапкерлигине макулдук берилди.