Оштогу мыйзамсыз курулуш жүргөн аймак калыбына келтирилди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин көзөмөлүндө турган Ош шаарын, Курманжан-Датка көчөсүндөгү курулуш объектисинде аймакты калыбына келтирүү иштери аткарылды.
Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Билдирүүгө караганда, буга чейин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталып, компанияга 200 000 сом айып пул салынып, курулуш токтотулган. Кийинки текшерүүдө тротуардын бузулгандыгы аныкталып, дагы 200 000 сом айып пул салынган.
Мындан тышкары, Курулуш министрлигинин атайын комиссиясынын чечими менен “Алтын Строй Групп” ЖЧКсынын лицензиясы токтотулуп, компания кара тизмеге киргизилген жанат тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.
Бирок курулушту токтотуу боюнча берилген талаптарга карабастан, компания ишин уланта берген. Ушундан улам, 28-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев объектти жеринен текшерип, компанияга бир жуманын ичинде аймакты мурдагы абалына келтирүүнү тапшырган.
Натыйжада, казылган котлован толугу менен жабылып, аймакты калыбына келтирүү боюнча тапшырмалар аткарылды.