Кыргызстанда бир күндө 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды

Кыргызстанда бир күндө 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды

Бүгүн, Кыргызстан боюнча 17 жаңы мектеп жана 3 бала бакча, жалпы 20 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алар Бишкек шаарында, Ош жана Манас шаарларында, ошондой эле Ноокен, Тон, Алай жана Айтматов райондорунда курулган.

Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндө курулган №83 орто мектептин ачылышына МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Калган 16 мектеп жана 3 бала бакчанын ачылышы онлайн форматта өттү. Ачылган 17 мектептин 10у Бишкек шаарында жайгашкан.

Иш-чарада Адылбек Касымалиев билим берүүнү өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары мугалимдердин айлык акысы жогорулатылып, окуу китептери менен камсыздоо маселесин чечүүгө 8,5 млрд сом бөлүнгөн.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жаңы мектептерди куруу менен катар билим берүүнүн сапатын жогорулатуу да маанилүү экенин белгиледи.

“Эгер бүгүн Кыргызстандын спутниги космоско чыкса, эртең ал жакка Кыргызстандын уул-кыздары учушу керек! Мугалим билим берет. Бирок силердин ордуңарга эч ким окуй албайт!” - деп Адылбек Касымалиев окуучуларга кайрылды.

Мындан тышкары окуңуз

Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт

Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт

“Бишкек Аренанын” ачылышынан кийин, 18-октябрда өтө турган Шакиранын концертине - акысыз билет же чакыруу сурап өкмөт өкүлдөрүнө кайрылгандар көп болуп жатат. Ушундан улам Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков өзүнүн баракчасында, Шакиранын концертине акысыз билет жана чакыруу болбостугун билдирди. Дайыр Орунбековдун айтымында, Шакиранын келип, концерт коюшу коммерциялык жана киреше

Ишкер Media
Жашыл климаттык фонд Кыргызстандын 17,3 млн долларлык долбоорун жактырды

Жашыл климаттык фонд Кыргызстандын 17,3 млн долларлык долбоорун жактырды

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев бүгүн Тбилисиде өтүп жаткан Жашыл климаттык фонддун аймактык диалогуна катышууда. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Министр климаттын өзгөрүшү суу тартыштыгына, селге, кургакчылыкка алып келип, чек аралык тобокелдиктерди жаратып жатканын айтты. Анын пикиринде, буга каршы күрөшүүдө жаңы система эмес, учурдагы улуттук институттарды күчөтүү керек. Ал тоолуу экосистемаларды

Ишкер Media
Нарында селден сактоочу тосмолор курулат

Нарында селден сактоочу тосмолор курулат

Нарында Чоң-Карагайлуу жана Төш-Булак капчыгайларында селден сактоочу тосмолор курулат. Бул тууралуу Нарын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын мэриясынын долбоору боюнча, мэрия өзгөчө кырдаалдар шаардык бөлүмү менен биргеликте атайын программа менен сел жүрүу коркунучу бар Нарындын 4 капчыгайында селден сактоочу тосмолор курулат. Долбоор адамдардын жашаган үйлөрүн, жолдорду, шаар инфраструктураларын

Ишкер Media
"Бала ырысы" жөлөк пулун 250 миңден ашык үй-бүлө алууда

"Бала ырысы" жөлөк пулун 250 миңден ашык үй-бүлө алууда

Үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган "Бала ырысы" мамлекеттик программасы ишке киргенден бери жөлөк пул алуучулардын саны туруктуу өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлайт. Маалымдалгандай, 2026-жылдын июль айында жөлөк пул алуучулар 191 796 болсо, сентябрь айында 232 529, ал эми

Ишкер Media