Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт
“Бишкек Аренанын” ачылышынан кийин, 18-октябрда өтө турган Шакиранын концертине - акысыз билет же чакыруу сурап өкмөт өкүлдөрүнө кайрылгандар көп болуп жатат. Ушундан улам Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков өзүнүн баракчасында, Шакиранын концертине акысыз билет жана чакыруу болбостугун билдирди.
Дайыр Орунбековдун айтымында, Шакиранын келип, концерт коюшу коммерциялык жана киреше алып келе турган жеке долбоор болуп саналат. Ал эми стадионго төлөнчү ижара акы, сатылган билеттен түшкөн пайданын үлүшү сыяктуу кирешелер мамлекетке калат.
“Эч кимге акысыз билет же чакыруу берилбейт. Андыктан, каалоочулар азыртан билет сатып алуунун камын көрө берсеңиздер болот. Билеттер ticket.gov.kg сайтында сатылып жатат. Шакиранын концерти Борбор Азияда алгачкы жолу өтүп жаткандыктан, коңшу өлкөлөрдөгү күйөрмандары да билеттерди активдүү сатып алышууда. Көпчүлүк бөлүгү сатылып кетиптир, жакын арада толугу менен түгөнүп калышы да мүмкүн.” – деп жазган Орунбеков.
Анын билдирүүсүнө караганда, дүйнөлүк жылдыздын концерти үчүн Кыргызстанга миңдеген туристтер келет, алар мейманканалардын, таксилердин, дүкөндөрдүн ж.б жергиликтүү тейлөө кызматтарын пайдаланып, ишкерлерге оң таасирин берет.