Жашыл климаттык фонд Кыргызстандын 17,3 млн долларлык долбоорун жактырды
Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев бүгүн Тбилисиде өтүп жаткан Жашыл климаттык фонддун аймактык диалогуна катышууда. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Министр климаттын өзгөрүшү суу тартыштыгына, селге, кургакчылыкка алып келип, чек аралык тобокелдиктерди жаратып жатканын айтты. Анын пикиринде, буга каршы күрөшүүдө жаңы система эмес, учурдагы улуттук институттарды күчөтүү керек.
Ал тоолуу экосистемаларды сактоо Кыргызстан үчүн негизги артыкчылык экенин белгиледи.
Бүгүнкү күндө Жашыл климаттык фонд Кыргызстанда 6 долбоорду жактырган, алардын жалпы суммасы 117,3 млн долларды түзөт. Readiness программасы боюнча кошумча 5,3 млн доллар берилген.Кыргызстан мындан ары да фонд менен кызматташып, климаттык каржылоону кеңейтүүгө кызыкдар.