"Бала ырысы" жөлөк пулун 250 миңден ашык үй-бүлө алууда
Үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган "Бала ырысы" мамлекеттик программасы ишке киргенден бери жөлөк пул алуучулардын саны туруктуу өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлайт.
Маалымдалгандай, 2026-жылдын июль айында жөлөк пул алуучулар 191 796 болсо, сентябрь айында 232 529, ал эми октябрь айында алардын саны 252 699га жетти.
Июль айына салыштырмалуу алуучулардын саны 60 903 адамга, же 31,8%га көбөйдү. Сентябрь айына салыштырмалуу өсүш 20 170 алуучуну, же 8,7%ды түздү.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде быйыл 1-январдан тартып, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жаңы төрөлгөн бала үч жашка чыкканга чейин ай сайын 3 миң сомдон жөлөк пулу берилүүдө.
2018-жылдан бери ымыркай төрөлгөндө "Балага сүйүнчү" деген аталыштагы жөлөк пул – 4000 сом берилип келет. Мындан тышкары 2019-жылы күздөн тартып үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн балдарга 50 миң сомдон берилет.