Кыргызстан менен Оман биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү талкуулады
6-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинде Оман Султанатынын Соода, өнөр жай жана инвестицияларды илгерилетүү министрлигинин жана Oman Investment Authority уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, кыргыз продукциясын Оман рыногуна чыгаруу жана халал-индустрия жаатында кызматташуу талкууланды.
Өзгөчө биргелешкен инвестициялык фонд түзүү жана анын иштөө механизмдерине көңүл бурулду. Ошондой эле Экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору, анын ичинде кыргыз-оман Өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү маселеси каралды.
Тараптар биргелешкен демилгелерди мындан ары иштеп чыгууга даяр экенин билдиришти.