Кыргызстан жана Оман транспорттук кызматташтыкты талкуулады
6-октябрда Транспорт министрлигинде министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев менен Омандын Транспорт, коммуникациялар жана маалыматтык технологиялар министрлигинин департамент директору Набиль бин Хайдер Аль-Балуши жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда транспорт тармагындагы учурдагы кызматташтык жана аны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Министрдин орун басары белгилегендей, азыр эки өлкө негизинен аба транспорту багытында иш алып барат. Автомобиль жана темир жол ташуулары боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кароо зарыл.
Кыргыз тарап транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жолдорду модернизациялоо жана куруу, логистикалык борборлорду жана терминалдарды түзүү боюнча кызматташууну сунуштады.
Ошондой эле транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, жүк ташууларды кеңейтүү, тармакты санариптештирүү жана адистерди даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу маселелери каралды.
Тараптар кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.