Бишкекте түтүндүү унааларга 1,9 млн сом айып салынды
Жыл башынан бери абага ченемден ашык зыяндуу зат чыгарган транспорт ээлерине 1 млн 939 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш русуртары министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу үчүн рейддерди системалуу жүргүзүп жатат. Акыркы рейдде 10 унаа текшерилип, экөөнүн түтүнү ченемден ашканы аныкталды.
Мындан тышкары борбордо майда фракциядагы 0-13 мм көмүрдү сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Шаарда 11 отун базасы жана 33 көмүр сатуу пункту бар, 21 рейд өткөрүлүп, 31 сатуучуга эскертүү берилди.
Жыл башынан бери ЖККБББ менен биргеликте 150 протокол түзүлгөн.