Moody’s Кыргызстандын кредиттик рейтингин B2ге көтөрдү
Эл аралык Moody’s агенттиги Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтингин B3төн B2ге жогорулатып, божомолду "Туруктуу" деп белгиледи. Бул тууралуу Министрлер Кабинети 5-октябрда билдирди.
Рейтингдин көтөрүлүшүнө экономиканын өсүшү жана диверсификациясы, жан башына ИДПнын көбөйүшү, инфраструктурага инвестициялар жана мамлекеттик финансынын жакшырышы негиз болду.
Ошондой эле мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышынын төмөндөшү, бюджет кирешелеринин өсүшү жана финансыны натыйжалуу башкаруу оң бааланды.
Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, бул чечим реформалардын натыйжасын чагылдырат. Рейтингдин жогорулашы инвесторлордун ишенимин бекемдеп, узак мөөнөттүү капиталды тартууга жана ата мекендик банктар менен компаниялардын тышкы рынокко чыгуусуна шарт түзөт.
Эл аралык агенттиктер менен иштешүүдө Министрлер Кабинетине Oppenheimer Europe инвестициялык банкы консультация берип келет.