Кыргызстанда мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 80 млрд сомго жакындады
Кыргызстанда 2025-жылы мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 80 млрд сомго жакындады. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 24,6% көп. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасынын керектөө рыногу 2021–2025” басылмасында белгиленген.
Аталган маалыматка ылайык, 2021-жылга салыштырмалуу бул тармактагы кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2,6 эсеге өскөн.
Жалпы көлөмдүн 82%дан ашыгы ресторандарга, барларга жана даяр тамак-аш менен камсыздоо боюнча мобилдүү жана башка кызматтарга туура келген.