Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ысык-Көл облусунда жана Бишкектин ири базарларында картошканын бааларына мониторинг жүргүздү.
Аталган кызматтын маалыматына ылайык, мониторингдин жыйынтыгы боюнча, Ысык-Көл облусунда картошканын чекене баасы килограммына - 30–40 сом экени белгилүү болгон.
Ал эми Бишкек шаарында картошка төмөнкүдөй бааланууда:
- “Аламүдүн” базары — 30–45 сом/кг;
- “Орто-Сай” базары — 40–45 сом/кг;
- “Ак-Эмир” базары — 35–60 сом/кг.
Билдирүүгө караганда, учурда фермерлер картошканы дүң баада 15–17 сомдон, ал эми базарлардын дүң соода катарларында 20–25 сомдон сатууда.
Картошканын чекене баасы анын сортуна, сапатына жана ортомчулардын санына жараша айырмаланат.