Бишкекте №53 каттамды жаңы Yutong автобустары тейлей баштайт

Бишкекте №53 каттамды жаңы Yutong автобустары тейлей баштайт

Бүгүнтөн баштап, Бишкек шаарындагы №53 автобустун каттамын 12 жаңы Yutong үлгүсүндөгү автобус тейлей баштайт. Бул каттам “Чоң-Арык айылы (Семетей көчөсү) — айланма каттам” багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Бишкек шаардык мэриянын маалыматына ылайык, айланма жана жарым айланма каттамдарды өнүктүрүү Бишкек шаарынын каттамдык тармагын оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылууда.

Мындай каттамдар жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүүгө, шаардын ар кайсы райондорунун ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртууга, ошондой эле жол тармагына түшкөн жүктү азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Коомдук транспорттун кыймылдуу курамын жаңылоо жана каттамдык тармакты өркүндөтүү жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтууга жана жол тыгындарын кыскартууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

“Клиникалык оорукана” мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракеси белгиленди

“Клиникалык оорукана” мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракеси белгиленди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Клиникалык оорукана» мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Жамаатты жана мекеменин ардагерлерин ушул маанилүү датасы менен куттуктап жатып, ал оорукананын улуттук саламаттык сактоо системасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгилеп өттү. “Ондогон жылдыктар бою Клиникалык оорукана өлкөбүздүн

Ишкер Media
БА мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчылары жолугушту

БА мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчылары жолугушту

Президент Садыр Жапаров БА мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында мамлекет башчыларын тосуп алуу аземине катышты. Бүгүн Түркмөнбашы шаарында, Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун тосуп алуу аземи болуп өттү. Билдирүүгө караганда, жыйынга ошондой

Ишкер Media
Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ысык-Көл облусунда жана Бишкектин ири базарларында картошканын бааларына мониторинг жүргүздү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, мониторингдин жыйынтыгы боюнча, Ысык-Көл облусунда картошканын чекене баасы килограммына - 30–40 сом экени белгилүү болгон. Ал эми Бишкек шаарында картошка төмөнкүдөй бааланууда: * “Аламүдүн” базары

Ишкер Media
ЖК энергетикалык суусундуктардын сатылышын иликтөө үчүн комиссия түздү

ЖК энергетикалык суусундуктардын сатылышын иликтөө үчүн комиссия түздү

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге сатылышын, алардын сапатын жана коопсуздугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Демилгени “Ынтымак – Мекенчил” депутаттык тобу көтөрүп, топтун жетекчиси Талант Мамытов тааныштырды. Комиссия энергетикалык суусундуктарды жана ден соолукка терс таасир этиши мүмкүн болгон азыктарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөлдүн

Ишкер Media