ЖК энергетикалык суусундуктардын сатылышын иликтөө үчүн комиссия түздү

ЖК энергетикалык суусундуктардын сатылышын иликтөө үчүн комиссия түздү

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге сатылышын, алардын сапатын жана коопсуздугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынды.

Демилгени “Ынтымак – Мекенчил” депутаттык тобу көтөрүп, топтун жетекчиси Талант Мамытов тааныштырды. Комиссия энергетикалык суусундуктарды жана ден соолукка терс таасир этиши мүмкүн болгон азыктарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун да карайт.

Комиссиянын курамына 11 депутат — Азамат Исираилов, Азамжан Жалилов, Жаныбек Аматов, Адилет Белеков, Талант Мамытов, Бекмырза Чолпонбай уулу, Нуржамал Торобекова, Илимбек Кубанычбеков, Махабат Мавлянова, Дастанбек Жумабеков жана Алишер Козуев кирди.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган энергетикалык суусундуктарды 18 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салынган.

Мындан тышкары окуңуз

Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ысык-Көл облусунда жана Бишкектин ири базарларында картошканын бааларына мониторинг жүргүздү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, мониторингдин жыйынтыгы боюнча, Ысык-Көл облусунда картошканын чекене баасы килограммына - 30–40 сом экени белгилүү болгон. Ал эми Бишкек шаарында картошка төмөнкүдөй бааланууда: * “Аламүдүн” базары

Ишкер Media
26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду

26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду

2026–2027-окуу жылына өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгында 26 кыргызстандык “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына ээ болду. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганада, алардын ичинен 14 стипендиат быйыл окуусун баштайт, дагы 12 жаран экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында билим алуусун улантат. Стипендия ээлери дүйнөнүн

Ишкер Media
DemirBank электромобилдерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет

DemirBank электромобилдерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет

Эми жаңы электромобилди сатып алуу дагы да оңой. Жылдык 17% пайыздык чен менен «Жашыл автокредит» алуу мүмкүнчүлүгү бар. "Жашыл автокредиттин" шарттары: * Кредиттин суммасы: 350 000 сомдон 17 500 000 сомго чейин * Кредиттин мөөнөтү: 6 айдан 60 айга чейин * Пайыздык чен: жылдык 17% * Баштапкы төлөм: 30%дан баштап Өзүңүзгө

Ишкер Media
Кыргызстанда кант кызылчасын массалык жыйноо башталды

Кыргызстанда кант кызылчасын массалык жыйноо башталды

Кыргызстанда кант кызылчасын массалык жыйноо сезону башталды. Быйыл Чүй жана Талас облустарынан 650 миң тонна кант кызылчасын жыйноо пландалууда. Бул тууралуу “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” ишканаларынын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, салыштыруу -  2025-жылы жазгы жагымсыз аба ырайынан улам 550 миң тонна кызылча жыйналган. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч болжол

Ишкер Media