Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия Кыргызстандын үч компаниясына санкция киргизди

Улуу Британия 8-октябрда Кыргызстанда катталган үч компанияга — “Процессинг КейДжи” ААКна, “ТокенСпот” ЖАКна жана “Цунами Пейментс” ЖЧКна санкция киргизди. Чектөөлөр “Процессинг КейДжи” компаниясынын директору Улан Букабаевге да жайылтылды. Мындай маалыматты Economist.kg маалымат булагы жазып чыкты. Билдирүүгө караганда “Процессинг КейДжи” компаниясынын жалгыз акционери — Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат.

Жаңы чектөөлөр Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин 8-октябрдагы расмий санкциялык билдирүүсүндө жарыяланды.

Төртөө тең Британиянын Россияга карата чектөөлөр режиминин алкагында санкциялык тизмеге киргизилди.

“Процессинг КейДжи”: активдерди тоңдуруу, төлөмдөргө чектөөлөр

Улуу Британия “Процессинг КейДжи” ААКна RUS3756 идентификаторун ыйгарды. Компанияга карата төмөнкү чектөөлөр киргизилди:

  • активдерди тоңдуруу;
  • трасттык кызматтарды көрсөтүүгө чектөөлөр;
  • директорлордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу чектөөлөр;
  • интернет-кызматтарга чектөөлөр;
  • британдык кредиттик жана финансылык уюмдарга корреспонденттик банктык мамилелерди түзүүгө тыюу салуу;
  • компаниянын пайдасына, анын атынан же ал аркылуу төлөмдөрдү иштетүүгө тыюу салуу.

Британдык документке ылайык, Улуу Британиянын финансылык уюмдары “Процессинг КейДжи” менен корреспонденттик мамилелерди түзө же уланта албайт, ошондой эле компаниянын дарегине, андан же ал аркылуу төлөмдөрдү жүргүзө албайт.

Санкциялык маалымат карточкасында британ тарап компаниянын башкы түзүмү катары Кыргызстандын Финансы министрлигин түз көрсөтөт.

Британ бийлиги бул чечимди өз баалоосуна ылайык, “Процессинг КейДжи” Россиянын өкмөтүнө пайда алып келген же аны колдогон ишмердүүлүк жүргүзүп жатат деп шектенүүгө жүйөлүү негиздер бар экендиги менен түшүндүргөн. Мында Россия үчүн экономикалык мааниге ээ болгон бизнес жүргүзүү жөнүндө сөз болуп жатат.

Британия “Процессинг КейДжинин” сайты катары VexPayды көрсөткөн

Санкциялык документте дагы бир маанилүү жагдай камтылган. “Процессинг КейДжи” ААКнун маалымат карточкасында британ бийлиги компаниянын эки сайтын көрсөткөн:

  • processing-kg.com;
  • vexpay.net.

Ушундан улам, британиянын санкциялык тизмеси VexPay төлөм платформасын “Процессинг КейДжи” менен түздөн-түз байланыштырат.

Financial Times изилденген ички документтерге таянып, A7 - негиздөөчүсү Илан Шор системаны иштеп чыгууга жана анын ишин уюштурууга байланышкан бир катар чечимдерге катышканын билдирген.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Финансы министрлиги жана “Процессинг КейДжи” компаниянын тышкы көзөмөлдө экендиги тууралуу билдирүүлөрдү четке кагышкан. “Процессинг КейДжи” Кыргызстандын мыйзамдарынын жана акционеринин ыйгарым укуктарынын алкагында өзүнүн башкаруу органдары аркылуу иш жүргүзөрүн билдирген.

Дагы бир маанилүү жагдай: Улуу Британия 8-октябрда жарыялаган санкциялык негиздемеде “Процессинг КейДжини” тизмеге киргизүүнүн себеби катары A7 тууралуу атаган эмес. Ошондуктан жаңы чечимди түздөн-түз A7 менен байланыштуу деп көрсөтүү, бул жагдайды эске албаганда, туура эмес болмокчу.

Улан Букабаевге Улуу Британияга кирүүгө тыюу салынды

Жеке санкцияларга “Процессинг КейДжи” ААКсынын директору Улан Арымбаевич Букабаев да кабылды. Анын британдык тизмедеги идентификатору — RUS3757. Букабаевге карата Улуу Британия төмөнкү чектөөлөрдү киргизди:

  • активдерин тоңдуруу;
  • өлкөгө кирүүгө тыюу салуу;
  • трасттык кызматтарга чектөөлөр;
  • британ юрисдикциясында директорлук кызматтарды ээлөөгө чектөөлөр.

Британ тарап мунун негизин Букабаевдин “Процессинг КейДжинин” директору болуп иштегени менен түшүндүргөн.

Британдык документте Букабаевдин жарандыгы - Кыргызстан деп көрсөтүлгөн.

2025-жылдын жайында Букабаев жаңы процессинг борбору соода-финансылык операциялар менен иштеп, SWIFTке окшош кызмат көрсөтүүнү пландап жатканын жарыялаган. Ошол кезде мамлекет “Процессинг КейДжи” компаниясынын уставдык капиталын көбөйтүүгө 200 млн сом бөлгөн.

Криптокомпания TokenSpot да санкцияга кабылды

Улуу Британия ошол эле тизмеге Бишкекте катталган “ТокенСпот” ЖАКсын киргизди. Анын идентификатору — RUS3758.

Компанияга карата дагы активдерди тоңдуруу, трасттык жана интернет-кызматтарга чектөөлөр, ошондой эле британдык финансылык уюмдарга корреспонденттик мамилелерди түзүүгө жана төлөмдөрдү иштетүүгө тыюу салуу сыяктуу негизги финансылык чектөөлөрдү киргизилди.

Британ өкмөтү TokenSpot Россиянын өкмөтүнө пайда алып келген же аны колдогон ишмердүүлүк жүргүзүп жатат деп шектенүүгө жүйөлүү негиздер бар экенин билдирген. Бул Улуу Британия стратегиялык мааниге ээ тармактардын катарына кошкон Россиянын финансылык секторундагы ишмердүүлүккө байланыштуу.

Санкциялык документте компаниянын Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан дареги көрсөтүлгөн.

“Цунами Пейментс” дагы финансылык чектөөлөргө киргизилди

Улуу Британиянын жаңы санкциялык тизмесине кирген үчүнчү кыргызстандык компания — “Цунами Пейментс” ЖЧКсы. Ага RUS3763 идентификатору ыйгарылган.

Ага карата да активдерди тоңдуруу, трасттык жана интернет-кызматтарга чектөөлөр, ошондой эле британдык кредиттик жана финансылык уюмдарга ал аркылуу төлөм жүргүзүүгө же корреспонденттик мамилелерди сактоого тыюу салуу чаралары киргизилди.

Британ тарап бул чечимди компаниянын Россиянын финансылык секторундагы болжолдуу ишмердүүлүгү менен түшүндүргөн.

“Цунами Пейментс” Кыргызстанда 2024-жылдын февраль айында катталган. Ошол эле жылдын июнь айында Улуттук банк компанияга эки лицензия берген.

Алардын бири үчүнчү жактардын төлөмдөрүн жана эсептешүүлөрүн процессинг жана клиринг аркылуу жүргүзүүгө укук берет. Экинчиси төлөм системалары аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алууга жана жүргүзүүгө уруксат берет.

Британиянын санкциялары КРгы компаниялар үчүн эмнени билдирет?

Британдык санкциялык тизмеге кирүү бул компаниялардын Кыргызстандагы банктардагы эсептери автоматтык түрдө бөгөттөлөт дегенди билдирбейт.

Улуу Британия өзүнүн расмий түшүндүрмөсүндө санкциялык чектөөлөр биринчи кезекте британ жарандары жана компаниялары үчүн, ошондой эле британ юрисдикциясына кирген операцияларга карата милдеттүү экенин белгилейт.

Эгер санкцияга кабылган жактын акчасы же башка экономикалык ресурстары британ тараптын көзөмөлүндө болсо, алар тоңдурулушу керек.

Мындан тышкары, британдык кредиттик жана финансылык уюмдарга тиешелүү төлөм чектөөлөрү киргизилген компаниялар менен айрым операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.

Иш жүзүндөгү кесепеттер Улуу Британиянын юрисдикциясынан тышкары да сезилиши мүмкүн. Британ бийлиги Кыргызстандагы бизнес үчүн даярдаган колдонмосунда башка өлкөлөрдүн банктары жана компаниялары да санкциялык тобокелдиктерди өтө жогору деп эсептесе, операцияларды жүргүзүүдөн баш тартышы мүмкүн экенин эскертет.

Бул жагдай эл аралык төлөмдөргө, банктык тейлөөгө, валюталык операцияларга жана чет өлкөлүк финансылык өнөктөштөрдүн кызматтарына жеткиликтүүлүккө өзгөчө таасир этиши мүмкүн.

Кыргызстан A7 тармагына байланыштуу эл аралык дооматтардын чордонунда

Британиянын жаңы санкциялары эл аралык төлөм инфраструктурасына байланыштуу дагы бир ири чечимден бир жума өткөндөн кийин киргизилди.

1-октябрда АКШнын Каржы министрлиги A7 Networkко санкция киргизген. Ал эми АКШнын Финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү тармагы FinCEN бул тармактын операцияларында Кыргызстандын олуттуу ролун өзүнчө белгилеген.

Economist.kg АКШнын документтерин талдаган. FinCENдин маалыматына ылайык, A7дин ар кайсы өлкөлөрдөгү субагенттери 2025-жылдын январынан 2026-жылдын июнуна чейин 17 млрд доллардан ашык каражат өткөрүшкөн.

FinCENдин билдирүүсүндө A7 тармагынын алгачкы субагенттик түзүмдөрү Кыргызстанда пайда болуп, кийин мындай модель башка өлкөлөргө да жайылганы айтылат.

Ошол эле учурда ишкердик байланыштардын болушу же компаниянын иликтөөдө аталышы өзүнөн-өзү мыйзам бузуу фактысын далилдебейт. Америкалык жана британдык мекемелер санкциялык чечимдерди өздөрүнүн укуктук режимдеринин алкагында кабыл алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Партадан башталган стартап

Партадан башталган стартап

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду - “Партадан башталган стартап” атту сынакты уюштурууда. Сынакка билдирүүлөрдү кабыл алуу 2026- жылдын 2- ноябрына чейин созулат. Билдирүүгө караганда, сынак мектепте же колледжде окуп, өз бизнес-идеясын ишке ашырууну кыялданган жаштарга арналат. Сынактын максаты: ·       Мектеп окуучуларынын, орто кесиптик билим

Ишкер Media
Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу “кара металл” деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөрүп жиберген.

Ишкер Media
Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен фермерлерге мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүктөн Жайыл районунун фермери Бактияр Чыналиев пайдаланып, "Кыргыз Агрохолдингдин" "Элита" филиалынан 15 баш абердин-ангус породасындагы мал сатып алган. "Буга

Ишкер Media
Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында кышка даярдык өз убагында жүрүүдө. Учурда кампаларга 30 миң тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тургундар көмүрдү 35 муниципалдык сатуу жайынан ала алат. Баасы маркасына жараша 4 сомдон 9 сомго чейин. Көмүр Ноокат, Кара-Суу, Алай райондорунан жана Нарын облусунан ташылууда.

Ишкер Media