Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды
КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кармалды.
УКМКнын маалыматына ылайык, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу “кара металл” деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөрүп жиберген.
Билдирүүгө караганда, ал жүктү бажылык тариздөө учурунда Тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) туура эмес кодун колдонгон. Натыйжада, бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү бажы төлөмдөрү түшпөй, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.