Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады
Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен фермерлерге мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүктөн Жайыл районунун фермери Бактияр Чыналиев пайдаланып, "Кыргыз Агрохолдингдин" "Элита" филиалынан 15 баш абердин-ангус породасындагы мал сатып алган.
"Буга чейин кыргыз уйларын бакчумун. АБанктан 3 млн 750 миң сом насыя алып, 15 баш асыл тукум мал алдым. Үйүмдү жана сарайымды күрөөгө койдум. Бул фермерлер үчүн чоң колдоо", - дейт фермер.
Насыя 3% менен 5 жылга чейин, 12 айга чейинки жеңилдетилген мөөнөт менен берилет. 500 миң сомго чейин күрөөсүз, 500 миңден 20 млн сомго чейин күрөө менен берилет.
Фермер банктан макулдук алгандан кийин "Кыргыз Агрохолдинг" менен келишим түзүп, мал тандап алат.
Долбоор өлкөдө асыл тукум малдын санын жана эт өндүрүшүн көбөйтүүгө багытталган.