Партадан башталган стартап
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду - “Партадан башталган стартап” атту сынакты уюштурууда. Сынакка билдирүүлөрдү кабыл алуу 2026- жылдын 2- ноябрына чейин созулат.
Билдирүүгө караганда, сынак мектепте же колледжде окуп, өз бизнес-идеясын ишке ашырууну кыялданган жаштарга арналат.
Сынактын максаты:
· Мектеп окуучуларынын, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын 15-18 жашка чейинки студенттеринин инновациялык активдүүлүгүн жогорулатуу;
· ишкердик компетенцияларын өнүктүрүү;
· келечектүү бизнес-идеяларды жана стартап-долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү.
Эмне кылуу керек ?
Социалдык, экономикалык, экологиялык же технологиялык актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган өзүңдүн инновациялык бизнес-идеясын же стартап-долбоору сунуштоо талап кылынат.
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2026-жылдын 2-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Толук маалымат: 0222-29-08-59, 0709-71-11-09