Жылдык 2% чен менен 20 млн сомго чейин кредит алуунун шарттары түшүндүрүлдү
Ош шаарында “Региондорду экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишкерлер менен маалыматтык жолугушуу өттү. Иш-чарага 100дөн ашык жергиликтүү тургундар, “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлерге Холдингдин ишмердүүлүгү, мамлекеттик финансылык колдоо механизмдери жана жеңилдетилген каржылоону алуу шарттары тууралуу маалымат берилди.
Холдингдин маалыматына караганда, жолугушууда өзгөчө бюджеттик кредиттөөнүн шарттарына көңүл бурулуп, жылдык 2% үстөк чен менен 20 млн сомго чейин, 10 жылга чейинки мөөнөткө жана 12 айга чейинки жеңилдетилген мезгил менен каржылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңири түшүндүрүлдү.
Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча BTB форматында пикир алмашышты.


