Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды
Айыл чарба министрлигине караштуу "Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу" кант кызылчасын өстүрүүдө жаңы технологияларды сыноодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, быйыл чарбада пилоттук негизде 10 гектарга Германия жана Франциядан алынган эки сорт үрөн себилип, абалы жакшы деп бааланууда.
2025-жылы завод Беларустан атайын комбайндар - жалбырак кесүүчү жана тамыр казуучу техникалар менен камсыз болгон. Алар түшүм жыйноону жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт.
Бул техникалар Сокулук районунун дыйкандарына да жеткиликтүү. Фермерлер 10% жеңилдик менен ижарага ала алат.
Министрлик бул ыкма кол эмгегин азайтып, чыгымды кыскартып, түшүм жыйноонун натыйжалуулугун жогорулатарын билдирди.