Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн
Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан.
Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган банктардын капиталы жетиштүү болушу, жаңы рыноктордо келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарды жабууга финансылык мүмкүнчүлүгү болушу каралган.
Мындан тышкары, системалуу мааниге ээ банктардын капиталына коюлган талаптарды тактоо сунушталууда.
Улуттук банк белгилегендей, учурдагы мыйзамдарда чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгүнө талаптар бар, бирок алардын конкреттүү өлчөмдөрү көрсөтүлгөн эмес.
Токтом долбоору боюнча сунуш-пикирлер 2026-жылдын 28-октябрына чейин кабыл алынат.