Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет
Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту.
Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү, өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Өзгөчө көңүл "Бир аялдама" принцибин киргизүүгө, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду өз ара таанууга, контрабандага каршы күрөштү күчөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана кадрларды даярдоого бурулду.
Жол картасы эки өлкөнүн бажы органдарынын байланышын чыңдап, соода үчүн жагымдуу шарт түзөрү күтүлүүдө.