Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо
2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы номиналдык түрдө 8,38%га өскөн. Бирок инфляцияны эске алганда алардын реалдуу наркы 2,95%га төмөндөгөн.
Ошол эле учурда борбор калаада жеке үйлөрдүн орточо баасы 17,45 млн сомду түздү. Эң кымбат үйлөр Октябрь районунда катталып, орточо баасы 24,7 млн сомго жеткен.
Ал эми Ош шаарында жеке үйлөрдүн баасы номиналдык түрдө 21,58%га, инфляцияны эске алганда 9,04%га жогорулаган.