Кен казууга лицензия берүү тартиби өзгөрөт

Кен казууга лицензия берүү тартиби өзгөрөт

Бүгүн Жогорку Кеңеш жер казынасын пайдаланууну жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, кен казууга лицензия берүү тартибин өркүндөтүү, электрондук аукциондорду киргизүү жана мамлекеттик экспертизалардын мөөнөтүн кыскартуу сунушталууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсуниязов баяндама жасап, өзгөртүүлөр “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюуга жана лицензиялоо механизмдерин жакшыртууга багытталгандыгын билдирди.
Мыйзам долбоорунун милдети - жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан кум-шагыл аралашмасын жана чопо-топуракты казып алууга укуктарды каттоо жөнүндө күбөлүктү берүүнү жокко чыгаруу, лицензияланган ишке контролду күчөтүү жана мыйзамдык талаптардын сакталышын камсыз кылуу үчүн күрөөлүк укуктук мамилелерге тыюу салууну киргизүү болуп саналат. Ошондой эле мамлекеттик экспертизаларды өткөрүү мөөнөтүн кыскартуу, жер казынасын пайдалануу укугун берүүдө электрондук аукциондорду өткөрүүнү камсыздоо жана жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо процессин жөнгө салуу каралууда.

Талкуу учурунда депутаттар лицензия берүүдө жаралган тоскоолдуктар, кен казган компаниялардын жерди калыбына келтирүү боюнча жоопкерчилиги жана жергиликтүү бюджеттерге түшүүчү салыктар тууралуу маселелерди көтөрүштү.

Депутат Бакытбек Чойбеков кен казуудан түшкөн салыктардын жергиликтүү бюджетке бөлүнүүчү үлүшүн сактоо зарылдыгын белгиледи. Министрдин орун басары бул багытта өзгөрүү болбой турганын билдирди.

Ошондой эле депутат Улан Сариев жер казынасын пайдалануучулардын ортосунда талаш-тартыштарды болтурбоо үчүн бир аймакка эки лицензия берүүгө жол бербөө керектигин айтты.

Мындан тышкары окуңуз

“Балага сүйүнчү” мобилдик сервис иштегендин биринчи күнүндө 1 029 арыз түштү

“Балага сүйүнчү” мобилдик сервис иштегендин биринчи күнүндө 1 029 арыз түштү

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде жана “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун тариздөө модулунда кызмат көрсөтүү ишке киргизилген биринчи күнү жарандар арыздарды электрондук форматта берүү мүмкүнчүлүгүн активдүү пайдалана башташты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун алууга 1 029 арыз түшкөн. Алардын ичинен: * 584

Ишкер Media
Нарында 67 млн сомдук социалдык шаарча пайдаланууга берилди

Нарында 67 млн сомдук социалдык шаарча пайдаланууга берилди

14-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кайыңды-Булак айылында жаңы социалдык шаарчанын ачылышы болду. Бул тууралуу Баетов айыл аймагынын башкармалыгы билдирди. Маалымдалгандай, салтанатка президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Э. Чекирбаев, аким М. Камчыбеков, "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун өкүлү Шейх Мухаммад Абдурахман Альшая,

Ишкер Media
Өлкөдө айлык акы 55 миң 79 сомду түздү

Өлкөдө айлык акы 55 миң 79 сомду түздү

Кыргызстанда январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы 55 миң 79 сомду түздү. Бул өткөн жылдын август айына караганда 28,7% көп. Бул тууралуу Мамлекеттик статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева 15-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.  Анын айтымында, учурда республика боюнча керектөө жана тарифтердин өсүшү 8,1% түздү.

Ишкер Media
Баткенде продукцияларды иштеп чыгуу жана окутуу борбору ачылды

Баткенде продукцияларды иштеп чыгуу жана окутуу борбору ачылды

Баткен шаарында "Бир айыл - бир продукт" долбоорунун алкагында жаңы борбор ишке кирди. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен аймактык көп тармактуу институтунун базасында ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор "Бир айыл - бир продукт +1" коомдук бирикмеси менен

Ишкер Media